Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-январы № 75/XX-28

Ново-Покровка айыл аймагы боюнча 2023-2027-жылдарга АЖМФ жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө

Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловдун ”Ново-Покровка айыл аймагы боюнча 2023-2027-жылдарга АЖМФ жерлерин пайдалануунун келечек планын бекитүү жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-пунктуна ылайык, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” Типтүү жобонун 2-бөлүгүнүн 16,17-пункттарын жетегинде, 2023-жылдын 21 январындагы жер комиссиясынын №1 протоколунун негизинде, Ново-Покровка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ново-Покровка айыл аймагы боюнча 2023-2027-жылдарга айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду жерлерин пайдалануунун келечек планы бекитилсин жана 2023-жылдын 21 январындагы жер комиссиясынын №1 протоколуна ылайык толукталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.И.Турдиев