Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV cессиясы
2023-жылдын 23-майы № 42
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айрым көчөлөрдүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүнжергиликтү Кара-Бак айыл өкмөтүнүн сунушун жана жергиликтүү жамааттын чогулушунун протоколдорун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы төмөндөгү көчөлөрдүн аттарын:
Карабак айылынын :
1)“Биримдик” көчөсүн “Эргешали уулу Тынчтыкбек” атындагы көчөсү;
2)“Ынтымак” көчөсүн “Арыпбай уулу Акжол” атындагы көчөсү;
3) “Чоң-Талаа жолу” көчөсүн “Жигитали уулу Давлатбек” атындагы көчөсү;
Кызыл-Бел айылынан:
4) “Проекти 38” көчөсүн “Бахтыбаев Салим” атындагы көчөсү;
5) “Проекти 41” көчөсүн “Нурунбаев Дастан” атындагы көчөсү; деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова