Редакцияот 28.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз он жетинчи сессиясы

 

2023-жылдын 28-апрели №113

Орозбеков  айылынын  Кара-Кечүү участкасынын тургундарынын Жошолу, Киров көчөлөрунө төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүн тартуу жөнундө кайрылуусу 

Күн тартибиндеги маселе боюнча  айылдык кенештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл аймактагы ички көчөлөрдүн инфрастуктурасын жакшыртуу максатында Орозбеков айылдык кеңеши

токтом кылат:

 

1. Орозбеков айылынын Кара-Кечүү  участкасынын  Жошолу, Киров көчөлөрүнүн  1797,5 метр аралыгына төмөнкү басымдагы газ түтүкчөлөрүн тартууга уруксат берилсин.

            2. Орозбеков айылынын Жошолу, Киров көчөлөрүнө  газ түтүкчөлөрүн тартуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү  жагы Орозбеков айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Орозбеков айыл  аймагынын

айылдык  кеңешинин төрагасы:                                                                                                                                                                                                                                                                                             О.Ибрагимов