ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 28-апрели №117
Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселеси жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ш.Байсаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү жобонун 69- беренесине негиз, Орозбеков айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага тоорук менен эмес, түз сүйлөшүүлөр жолу менен Ак-Шыбак участкасынын №429 контурундагы 3га жер аянты айыл өкмөттүн аймагындагы аз камсыз болгон төмөнкү үй-бүлөлөрдун ар бирине 1га жер аянтынан ажыратылып берилсин:
1. Нурланбек уулу Санжарбек, 02.10.2004- жылы туулган, Орозбеков айылынан, тоголок жетим;
2. Куйчиева Тажигул Акыповна, 21.02.1964-жылы туулган, Кудук айылынан;
3. Баймурзаев Орозбек Алтымышович, 25.07.1980-жылы туулган, Кош-Дөбө айылынан.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин натыйжалуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы: О.Ибрагимов