ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылыш кезексиз он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 28-апрели №120
АРИС тарабынан «Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» CASA -1000 долбоорунун кошумча каржылоо долбоору боюнча Орозбеков айыл аймагындагы №7 УБДТна орнотулган УЗИ аппаратын пайдалануу жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. АРИС тарабынан “Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо” CASA-1000 долбоорунун кошумча каржылоо долбоору боюнча Орозбеков айыл аймагындагы №7 Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына орнотулган УЗИ аппаратын пайдаланууну Кадамжай жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчилиги менен биргеликте чечүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орозбеков айыл аймагынын
айылдык кеңешинин төрагасы: О.Ибрагимов