Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылыш ХXII сессиясы
2023-жылдын 30-январы № 22/10
Аймактык коргонууга каражат бөлүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2023-жылдын 17-январындагы №01-18/125 сандуу жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын 2023-жылдын 12-январындагы №35-1-14/16 сандуу катын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин 2,4 пункттарына негиз Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Көтөрмө айыл аймагында коргонуу чараларын камсыз кылуу максатында Көтөрмө айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Керектүү каражатты бөлүп берүү жагы ФЭБ нүн башчысы У. Мадумаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Бактыбаев |