КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VII чакырылыш ХXII сессиясы
2023-жылдын 30-январы № 22/16
Көтөрмө айыл аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча жол четиндеги көрсөтүлгөн жер аянттарын Кадамжай жолдору тейлөө ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагындагы автомобиль жолдорунун категориялары боюнча жол четиндеги көрсөтүлгөн жер аянттарын Кадамжай жолдору тейлөө ишканасынын балансына төмөндөгү көрсөтүлгөн жер аянты өткөрүлүп берилсин.
№ | Жолдун аталышы | Узундугу (км) | Аянты м/кв | Категориясы |
1 | Кызыл-Булак- Көтөрмө | 23 км | 598 000 | IV |
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Көтөрмө айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көтөрмө айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Бактыбаев |