НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы № 78/XX-28
Эмгек акыны жогорулатуу жөнүндө
Айдоочу У.К.Мусурмановдун арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 27 беренесине ылайык, Ново-Покровка айыл аймагындагы алыс жайгашкан айылдардагы окуучуларды билим берүү мекемелерине жана кайра үйлөрүнө акысыз ташып келүүнү уюштуруу максатында
Ново-Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.А.Дмитриевага окуучуларды акысыз ташууга 2023 жыдын 1 январынан тартып айдоочулардын эмгек акысын жогорулатуу менен келишим түзүлсүн:
- Ленинское айылы -Ново-Покровка айылы 19700 сом
- Ленинское айылы- Сары-Жон айылы 14800 сом
- Дача-Сары-Жон айылы 14800 сом
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловго жүктөлсүн.
Төрага | Ш.И.Турдиев |