Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН НОВО-ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 27-январы № 84/XX-28

Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн юристинин эмгек акысын бекитүү жөнүндө

Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Мамыркуловдун Кыргыз Республикасынын сотторунда Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн, Ново-Покровка айылдык кеңешинин кызыкчылыктарын коргоо боюнча укуктук камсыздоо жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 28- беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине ылайык жана өндүрүштүк зарылчылыка байланыштуу

Ново-Покровка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн юристине 2023-жылга ай сайын 24,7 миң сом төлөмү бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.А.Дмитриевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.И.Турдиев