Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 18- сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 25

Аз камсыз, жардамга муктаж үй-бүлѳлѳрдүн турак жайларын ѳрттѳн, табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жѳнүндѳ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Кууганды айыл аймагынын Үч-Эмчек айылындагы аз камсыз, жардамга муктаж 10 үй-бүлѳнүн турак жайын мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 50% кѳрсѳткүч менен камсыздандырууга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 3300 (үч миң үч жүз) сом акча каражаты бѳлүнсүн.

 

2.  Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ф.К.Токушев