Редакцияот 15.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 20-отуруму

2023-жылдын 15-марты № 20/2

Коңур-Дөбө айылдык аймагында таштандыларды ташып чыгуу, айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана көрктөндүрүү максатында «Коңур-Дөбө таза-суу, тазалык жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Коңур-Дөбө айылдык аймагында таштандыларды ташып чыгуу, айылдардын санитардык абалын туруктуу кармап туруу ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу жана көрктөндүрүү максатында «Коңур-Дөбө таза-суу, тазалык жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн алдында «Коңур-Дөбө таза-суу, тазалык жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасы түзүлсүн жана төмөндөгүдөй аталсын

 «Коңур-Дөбө таза-суу, тазалык жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасынын толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: «Коңур-Дөбө таза-суу, тазалык жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасы.

Расмий тилде аталышы: Муниципальное предприятие “Коңур –Дөбө таза- суу жана тазалык, көрктөндүрүү”

 «Коңур-Дөбө таза - суу,тазалык жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасынын кыскартылган фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: «Коңур-Дөбө таза- суу,тазалык жана көрктөндүрүү» МИ.

Расмий тилде аталышы: МП «Коңур-Дөбө таза-суу жана тазалык, корктондуруу».

 

2.   «Коңур-Дөбө таза-суу,тазалык жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

 

3.   Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. А. Каримовго жүктөлсүн.

 

Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүнтапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин тө

 

Т. У. Бегматов