Редакцияот 15.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-отуруму

2023-жылдын 15-июну № 22/2

Коңур-Дөбө айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациясынын материалдарына өзгөртүү (корректировка) киргизүү жөнүндө

Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу Т.Кыдыркуловдун билдирүүсүн угуп,

 Коңур –Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 7-июнундагы № 01-16/ 125 сандуу тескемесинин негизинде Коңур-Дөбө айыл аймагынын 2018-2019-жылдарындагы жүргүзүлгөн жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртүү киргизүү максатында төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:

 

1.Турганбаев Т- “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынын өкүлү,

 

2.Кыдыркулов Т- Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер адисинин милдетин аткаруучу,

3. Бегматов Т-     Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы,

4. Боронбаев Р- Жайыт комитетинин төрагасы

 

2.   Жумушчу топко төмөнкү жумуштарды уюштуруу жана ишке ашыруу жагы милдеттендирилсин.

2.1.Айыл аймактын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарына өзгөртүү (корректировка) жүргүзүү.

2.2.Жер фондусунун инвентаризациялоого өзгөртүү жыйынтыктарына акт түзүү жана райондук жергиликтүү мамлекеттик администрацияга бекитүүгө киргизүү.

2.3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Коңур-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Т.Бегматов