КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-отуруму
2023-жылдын 15-июну № 22/3
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары боюнча 2024-жылга долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолу жөнүндө
Коңур –Дөбө айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 22-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашалары боюнча 2024-жылга долбоору 18 669,1 миң сомго,анын ичинен тендештирилүүчү трансферт 12555,0миң сом,өздүк киреше 6114,1 миң сом жана өздүк кирешенин ичинен атайын каражаттар 588,0 миң сомго бекитилсин.
2. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2025-жылга божомолу 18 983,1 миң сомго,анын ичинен тендештирилүүчү трансферт 8581,1миң сом,өздүк киреше 6428,1 миң сом жана өздүк кирешенин ичинен атайын каражаттар 588,0 миң сомго жактырылсын.
3. Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2026-жылга божомолу 19 183,5 миң сомго,анын ичинен тендештирилүүчү трансферт 6509,1миң сом,өздүк киреше 6628,5 миң сом жана өздүк кирешенин ичинен атайын каражаттар 588,0 миң сомго жактырылсын.
4. Корголгон беренелердин (эмгек акы,социалдык фондуна чегерүүлөр, дары- дармектерди жана тамак-аш азыктарын сатып алуу, көмүр, отун жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр) чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай , курулуш транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Каримовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Исаковага жүктөлсүн.
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы : |
Т.Бегматов |