ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын кезексиз сегизинчи сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 3
Жекенди айылдык аймагында 2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттен калган калдык 1267,1 миң сомду кароо жөнүндө
Жекенди айылдык кеңеши
Токтом кылат.
1. Жекенди айылдык аймагында 2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттен калган 1267,1 миң сом калдык калганы белгиленсин.
2. Жекенди айылдык аймагында 2022-жылдагы жергиликтүү бюджеттен калган 1267,1 миң сом калдык 1-тиркемеге ылайык болуп бөлүштүрүлсүн.
3. Тийиштүү документтерди бүтүрүү жана акча каражатын бөлүп берүү жагы Жекенди айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С. Маматовго тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Музапар ууулу Нарирулло жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |