ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 5
Жекенди айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Жекенди айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарда жергиликтүү жамааттардан,депутаттардан түшкөн сын-сунуштар,пикирлерди эске алып,мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Жекенди айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31- беренесинин 8-пунктуна таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жекенди айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин.
2.Жекенди айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Чон-Алай районунун Chon-alai.sitekg өздүк расмий веб-сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага | А.Абдукалилов |