Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 6
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 16.01.2023-жылдагы № 01-19/11 сандуу катын кароо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы № 4 мыйзамынын 3-беренсинин 2-пункутуна ылайык мүлк салыгын киргизүү боюнча Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 16.01.2023-жылдагы № 01-19/11 сандуу катын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.“Кыргыз Республикасынын салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 18-январындагы № 4 мыйзамынын 3-беренсинин 2-пункутун жетекчиликке алып Жекенди айылдык аймагында мүлк салыгы мурунку абалында калтырылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге жана кирешелер боюнча бакшы адиси Т.Кожобековго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Мурзапар уулу Назириллаго жүктөлсүн.
Төрага | А.Абдукалилов |