Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы

2023-жылдын 18-январы № 7

Жекенди айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин Жекенди айыл өкмөтүндө Жергиликтүү өз алдынча башкарууу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарынын жетинчи чакырылышынын он төртүнчү отуруму

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Жекенди айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынган Жекенди айыл өкмөтүндөгү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.Токтомду аткарууга алуу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевге милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Халилов Сагынбекке жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Абдукалилов

 

№ 1  тиркеме

 

Жекенди айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги боюнча

маалымат топтомунун формасы

№п/п

Кызматтардын аталышы

Акылуу/

акысыз

Буйрук номери  / бекитилген эмес

Административдик регламент бекитилген (буйрук № ) /

1

Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу

Акысыз

 

 

2

Муниципалдык менчикти башкаруу

Акысыз

 

 

  3

Жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу

Акысыз

 

 

  4

Калкты ичүүчү  суу менен камсыз кылуу

Акысыз

 

 

5

Калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу

Акысыз

 

 

6

Калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу

Акысыз

 

 

7

Жалпы пайдалануудагы көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу

Акысыз

 

 

8

Айыл аймагындагы аярлуу  топ тургундарын көмүр менен камсыз кылуу

Акысыз

 

 

9

Жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу

Акысыз

 

 

11

Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу

Акысыз

 

 

13

Окуучулардын мектептин олимпиадаларына жана мелдештерге  катышуу үчүн транспорт чыгымдарын төлөө максатында акча каражатын бөлүп берүү

Акысыз

 

 

14

Жарандарга жер аянттарын ижарага алуудагы келишимдерди берүү

Акысыз

 

 

15

Жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу

Акысыз

 

 

16

Жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу

Акысыз

 

 

17

Жарандарды каттоодо бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берүү

Акысыз

 

 

18

Коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү

Акысыз

 

 

19

Элдик көркөмм чыгарачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды тузүү

 

 

 

20

Бош убактыны өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү

Акысыз

 

 

21

Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу

Акысыз

 

 

22

Ден тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу

Акысыз

 

 

23

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү

Акысыз

 

 

24

Калкка консультациялык –укуктук жардам көрсөтүү

Акысыз

 

 

25

Салыктан карызы бар же жок экендиги жөнүндө маалымат берүү

Акысыз

 

 

26

Жарандардын социалдык абалы жөнүндө маалымат берүү

Акысыз

 

 

27

Көзү өткөн жарандарды коюуга кеткен чыгымды аныктоочу маалымат берүү

Акысыз

 

 

28

Ишкананын жайгашкан орду боюнча маалымат берүү

акысыз

 

 

29

АИС АСБ

Акысыз

 

 

30

АИС паспорт

Акылуу

 

 

31

АИС ЗАГС

Акылуу

 

 

 

Жооптуу катчы

Ж.Кожобеков