Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын жетинчи чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

2023-жылдын 31-марты № 10

Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин 31.03. 2023-жылдагы № 01-19/126 сандуу катын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Жекенди айыл аймагынын Шибээ айылындагы Чекенди-Талаа участкасындагы муниципалдык менчикке таандык № 5-07-03-1004-0263 коду менен катталган 800,0 м.кв. жер аянтын аукцион жолу менен менчикке сатууга уруксат берүү жөнүндөгү сунуш катын угуп жана талкуулап

 

Жекенди айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, Жекенди айыл аймагынын Шибээ айылындагы Чекенди-Талаа участкасындагы муниципалдык менчикке таандык № 5-07-03-1004-0263 коду менен катталган 800,0 м.кв. жер аянтын аукцион жолу менен менчикке сатууга уруксат берилсин.

 

 2.Ушул токтомду аткаруу жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башысы Б.Нышанбаевге жана жер маселелери боюнча башкы адиси А.Маматовго милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жекенди айылдык кеңешинин өнөр жай. курулуш, транспорт, соодо, байланыш инвестиция энергетика маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Тажакмат уулу Имамидинге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Абдукалилов