Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Беловодск айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 8
«Беловодск айылдык кеңешинин Уставын бекитүү»
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды , филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” 2009-жылдын 20-февралы Мыйзамынын негизинде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-бер. 4-б. ылайык, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана 2000-жылдын 13-январдагы № 3“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин жетекчиликке алып, Беловодск айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Беловодск айылдык кеңешинин” Уставы ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом анда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендигин жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылганын ырастайт.
3. Беловодск айылдык кеңешинин ушул токтому Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Беловодск айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А.Т. Урмабетовго милдеттериндилсин.
Төрайым | А. Иманкулова |