Редакцияот 23.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясы

2023-жылдын 23-майы № 5

“Муниципалдык менчике алуу жөнүндө”

Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Катыраңкы айылындагы калктуу конуштун ичиндеги жер аянтын муниципалдык менчике алуу жөнүндө Кыз-Көл айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Катыраңкы айылындагы калктуу конуштун ичиндеги 0,02 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

 

2. Керектүү иш кагаздарын даярдап,тактоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке жүктөлсүн.

 

4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.

 

Кыз-Көл айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

К.Т.Кушбаков