Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексизVII сессиясы
2023-жылдын 23-майы № 6
“Малдарды дарылоочу борбор жана аптека куруу жөнүндө”
Жеке ишкер Курстан Бөрүбаевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Малдарды дарылоо жана ден-соолугун кароо кызматын көрсөтүү үчүн жана дары-дармек сатууга аптека куруу үчүн Ал-Көйнөк участкасындагы 3,4га жер участогунан 0,20га жер аянты ижарага бөлүнүп берилсин.
2. Керектүү иш кагаздарын даярдап,тактап көрсөтүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Орозалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т.Кушбаков |