Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 23-майы № 7
“Кыз-Көл таза аймак ишканасын түзүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыз-Көл айыл аймагынын Кыз-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн алдында “Кыз-Көл таза аймак” ишканасы ачылсын.
2. Кыз-Көл таза аймак муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин.
(устав тиркелет).
3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т.Кушбаков |