Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 23-майы № 8
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Карамарт айылындагы аты жок көчөсүнө жеке ишкер,коомдук ишмер маркум Мусаканов Таалайбек Чодубаевичтин атын ыйгаруу жөнүндөгү Карамарт айылынын тургундарынын жалпы жыйналышынын протоколунун жана айылдык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине таянып Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карамарт айылындагы аты жок көчөгө жеке ишкер,коомдук ишмер маркум Мусаканов Таалайбек Чодубаевичтин аты ыйгарылсын.
2. Көчөнүн аталышын билдирген атайын көрсөтмөнү орнотуу,катар номерлерин жасатып илүү жагы маркумдун уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын у.м.а Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке жүктөлсүн.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т.Кушбаков |