КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин ( VIII-чакырылышынын ) кезексиз VII сессиясы
2023-жылдын 23-майы № 11
“Райондун Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө”
Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Сузак районунун “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнө жана экономикасынын көтөрүлүшүнө кошкон салымы үчүн салык бөлүмүнүн башчысы Жоошбаев Акматжан Кадырбекович Сузак райондук “Ардактуу Атуул” наамына көрсөтүлсүн.
2. “Ардактуу атуул” наамын берүү жагы райондук админстрациядан суралсын.
3. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кыз-Көл айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Абдырасуловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А.Бобошевке милдеттендирилсин.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Т.Кушбаков |