Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 19-сентябры № 2
Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү «Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине» ылайык жана Нарын шаардык Ке ңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Нарын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн салык агенти төлөөчү киреше салыгына кошумча 10000,0 ми ң сом Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен суралсын.
2. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн экономикалык маселелер беренесине кошумча 10000,0 ми ң сом бекитилсин.
3. Нарын шаарынын 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин өзгөртүү киргизүү жагын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага: | А.Молдосалиев |