Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-июну №8/1
Талаа-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарынөткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салты эске алынып иштелип чыкан ошондой эле жергиликтүү жамааттын жыйындарында сунушталган эрежелерди камттыган жобону бекитүүгѳ сунуш кылынган айыл аймагынын үй бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарды тартипке келтирүү комиссиясынын 22-апрель 2022-жылдагы №2 протоколдук токтомун карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагынын Дѳң-Алыш, Комсомол калктуу конуштарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин
2 Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Б.Жолдошбек уулуна жүктѳлсүн.
Талаа-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Н. Шарабидинов |
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин
VII-чакырылышынын 2 июнундагы 2022-ж VIII- сессиясынын
№8/1 токтому менен бекитилген
Талаа-Булак айыл аймагынын Дѳң-Алыш, Комсомол калктуу конуштарындада үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын
өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1.Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты Талаа-Булак айыл аймагынын Дѳң-Алыш,Комсомол калктуу конуштарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Талаа-Булак айыл аймагында, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2.Ушул жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык, жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3.Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын сайтына жарыяланат, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга Талаа-Булак айыл өкмөтү жана айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1.Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет. -Үй бүлѳѳлүк салтанаттар ашыкча ысырап корчулукка жол бербестен ѳткѳрүлѳт. –Кафе-ресторандарда аталган үй бүлѳлүк салтанаттарга той берүүгѳ тыюу салынат. Куда тосууда 1 бододон жана 1койдон ашык союуга тыюу салынып 3 тѳн ашыкча түштөндүрүүлѳргѳ жол берилбейт.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар шаарларда, айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчилик, жетилик,кыркылык) өткөрүүдө 1 бододон жана 1койдон ашык союуга жол берилбейт. Мындан сырткары пакет (татууларды алып келүү, таратууга жана жыртыш берүүгѳ) тыюу салынат.
4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союуну эсепке албаганда айылдарда жана башка калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына айыл өкмөтүнүн башчысы жана жергиликтүү комиссия кирет.
Комиссия өздүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1.Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө, аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2.Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара ( коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
6.1.Айыл аймагында Дѳң-Алыш, Комсомол айылдарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн коомдук уяткаруу тартиби каралат.