Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 8-апрели №7/1
Акча каражаттардын беренелерин жылдыруу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагындагы айыл ѳкмѳтүнүн бекитилген бюджетинен малекеттик кызматтын 70111 бѳлүмүнѳ жалпы бөлүнгөн 185000 сом акча каражатынан 100,0 миң сом акча каражатын Дөң-Алыш айылындагы спорт залга инвентар алууга керектөө үчүн жана кѳпүрѳ салууга 65000 сом акча каражатын 2215 беренесинен кемитип, 70111 бѳлүмдүн 2222 беренесине жылдыруу, 70911 бѳлүмдүн 2215 беренесинен 20,0 миң сом акча каражаты кемитилип , 70111 бѳлүмдүн 2215 беренесине жылдырып берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Исраилованын өтүнүчүн угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик кызмат:
70111 бөлүмдүн 2215 беренесинен 165000 сомду кемитип
70111 бѳлүмдүн 2222 беренесине 100000 сом (спорт залга инвентар ) алууга
70111 бөлүмдүн 2222 беренесине 65000 сом ( кѳпүрѳ салууга )
Бала-бакчаларга :
70911 бөлүмдүн 2215 беренесинен 20000 сом
70111 бѳлүмдүн 2215 беренесине 20000 сом
Жалпы бюджет боюнча 185000 сом 00 тыйын кѳрсѳтүлгѳн беренелерге жылдырылып берилсин.
2. Жылдырылган акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчи М.Исраиловага милдеттендирилсин.
Талаа-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Н. Шарабидинов |