Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-июну №8/2
Талаа-Булак айыл аймагына бак-дарактарды отургузуу үчүн жер аянтынын ѳлчѳмү жѳнүндѳ
Талаа-Булак айыл аймагынын Дѳң-Алыш,Комсомол айылдарыдагы Тегирмен,Кош сарай участкаларына бак-дарактарды отургузууга жер аянтынын аянтын белгилеп берүү жѳнүндѳ жер жана турак жай адиси А.Бейшекеевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жер» Кодексинин 18-бернесинин негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагына бак-дарактарды отургузуу үчүн Дѳң-Алыш, Комсомол айлындагы «Тегирмен » участкасынын №1094 контурундагы 1,0га жана «Кош» сарай участксынын №980 контурундагы 2,0га жалпы 3,0га жер аянтынын орду белгиленип берилсин.
2.Талаа-Булак айыл аймагына бак-дарактарды отургузуу жер аянтыны иш кагаздарын бүткѳрүнү жер,турак-жай адиси А.Бейшекеевга тапшырылсын
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы, жер, айлана-чойрону коргоо, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия милдеттендирилсин
Талаа-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Н. Шарабидинов |