Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-июну №8/3
Талаа-Булак айыл аймагына мүлк салыгын киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳ №4 Мыйзамынын 3-беренесин талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамалекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» Мыйзамынын 34-беренесинин ылайк Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳ» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып мүлк (жер,кыймылчыз жана кыймылдуу мүлктѳр) салыгы киргизилери белгиленсин.
2.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳ» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүн толтуруу максатында«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык 2023-жылдан баштап мүлк (жер,кыймылчыз жана кыймылдуу мүлктѳр) салыгы ѳндүрүү боюнча чараларды кѳрүүнү айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысына тапшырылсын.
Талаа-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Н. Шарабидинов |