Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 2-июну №8/4
Пайдалануу мѳѳнѳтү ѳткѳн М-30 үлгүсүндѳгү 122мм гаубицаны эстелик катары коюуга жер аянтынын ордун белгилѳѳ жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын Дѳң-Алыш айылынын маданият үйүнүн күн чыгыш тарабынан Уулу Ата мекендик согушта курман болгон аталарды эскерүү максатында пайдалануу мѳѳнѳтү ѳткѳн М-30 үлгүсүндѳгү 122мм гаубицаны эстелик катары коюуга жер аянтын белгилеп берүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳтүнүн аскердик эсепке алуу боюнча адиси А.Эмил уулунун маалыматтын угуп жана райондук архитектура бѳлүмүнүн 01.06.2022-жылдагы №45 сунушун талкуулап Кыргыз Республикасынын “ Жер” кодексинин 18- беренесинин негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Талаа-Булак айыл аймагынын Дѳң-Алыш айылынын маданият үйүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан эстеликтин күн батыш тарабынан Улуу Ата мекендик согушта курман болгон аталарды эскерүү максатында пайдалануу мѳѳнѳтү ѳткѳн М-30 үлгүсүндѳгү 122мм гаубицаны эстелик катары коюуга 100м2 жер аянтынын орду белгиленип берилсин.
2. Дѳң-Алыш айылынын маданият үйүнүн күн чыгыш тарабында жайгашкан эстеликтин жанынын эстелик катары коюу үчүн пайдалану мѳнѳтү ѳткѳн М-30 үлгүсүндѳгү 122мм гаубицанын жер аянтынын иш кагаздарын бүткѳрүнү аскердик эсепке алуу боюнча адиси А.Эмил уулуна тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл чарбасы,жер айлана-чѳйрѳнү коргоо,социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Талаа-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Н. Шарабидинов |