КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
2023-жылдын 22-июну № 39
“Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага же жеке менчикке берүү боюнча тооруктарды өткөрүү үчүн комиссиянын курамын бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32 жана 13 беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 571 токтомун негиздеп Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башкаруусунун кайрылуусун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII- сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага же жеке менчикке берүү боюнча тооруктарды өткөрүү үчүн комиссиянын курамы” боюнча бекитилген комиссия курамындагы К. Арстанбековдун ордуна Т.К. Эгембердиев киргизилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.А.Энназаров. |