КӨК-АРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
2023-жылдын 22-июну № 40
Ижарага жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Жумуковдун кайрылуусун жана айыл-чарба комитетинин отурумунун протоколун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы токтом кылат:
1. Жалгыз-Жаңгак айылындагы муниципалдык менчикте турган ФАПтын жанынан (8*5) 40метр квадрат жер аянты дарыкана куруу үчүн ижарага берилсин.
2. Дарыкана курулуп бүткөндөн соң гана хужра бошотулуп берилсин.
3. Иш кагаздарын алып баруу жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Жумуковко милдеттендирилсин.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн http://kokart.org.kg/ расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А.А.Энназаров. |