Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезектүү чакырылышынын - XVII сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № 28
Сары-Булуң айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн Курултайын чакыруу
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 15.09.2022-жылдагы №01/16-2906 сандуу катын негиздеп, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап Сары-Булуң айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланышынын) кезектүү чакырылган ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булуң айыл аймагында Жергиликтүү Курултай 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 10-00 дө Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өткөрүлсүн.
2.Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн айыл аймагы төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Кара-Суу, Табылгыты айылдары.
3.Сары-булуң айыл аймагы боюнча делегаттардын жалпы саны 40 адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй ирээтте көрсөтүлсүн.
-Кара-Суу айылы боюнча делегаттардын саны 25 адам;
-Табылгыты айылы боюнча делегаттардын саны 15 адам;
4.Ар бир аймактык бөлүктөрүндө Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Кара-Суу айылында 2022-жылдын 11-октябрь күнү 10-00 дө Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жыйындар залында;
-Табылгыты айылында 11-октябрь күнү саат 14-00 дө №9 Э.Касымалиеватындагы орто мектебинин имаратында;
5. Жергиликтүү Курудлтайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир аймактык бөлүгүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
Турарбек кызы Кайыркүл – Кара-Суу айылы боюнча;
Жумабек уулу Сүйүндүк – Табылгыты айылы боюнча.
6. Жергиликтүү курултайды ѳткѳрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 7 (жети) адам деп бекитилсин жана тѳмѳндѳгүдѳй курамда түзүлсүн:
Эпээва Винера Молдожумаевна – жумушчу топтун тѳрайымы, айылдык кеңештин тѳрайымы.
Жумабек уулу Сүйүндүк – жумушчу топтун төрайымынын орун басары, айылдык кеңештин депутаты.
Жарбашов Алтынбек Турдубекович – жумушчу топтун катчысы, айыл өкмөттүн жооптуу катчысы.
Турарбек кызы Кайырпкүл – жумушчу топтун тѳрагасынын орун басары, айылдык кенештин депутаты.
Токтоналиева Лариса - жумушчу топтун мүчѳсү, айылдык кеңештин депутаты.
Өмуралиев Сапаралы Карыпбекович - жумушчу топтун мүчѳсү, айылдык кеңештин депутаты.
Жусубакунова Чынара – жумушчу топтун мүчѳсү, айылдык кеңештин депутаты.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Сары-Булуң айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
7. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик рээстерине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳз жоопкерчилигиме калтырамын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы |
В.М.Эпээва |