Загрузка документа…
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз чакырылышынын - XVI сессиясы
2022-жылдын 11-августу № 22
«Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депуттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Сары-Булуң айылдык кенешинин Регламент депутаттык этика , жаштар,спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, Сары-Булуң айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып, Сары-Булуң айылдык кеңешинин VIII- шайланышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемедеги Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом жана Сары-Булуң айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Сары-Булуң айыл өкмөтүнө караштуу www.sary-bulun.org.kg веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Булуң айылдык кеңешинин Регламент депутаттык этика , жаштар,спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрайым | В.М.Эпээва |