Загрузка документа…
Тиркеме
(Сары-Булуң айылдык кеңешинин
2022-жылдын 11-августундагы № 21
токтомуна ылайык)
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн
Уставы
Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты жана Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн (мындан ары – Айыл өкмөтү) иш-аракеттерин регламенттейт.
2. Айыл өкмөтүнүн толук жана кыскартылган фирмалык аталышы:
-малекеттик тилде: Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун «Сары-Булуң айыл өкмөтү» мекемеси, (кыскартылган аталышы: «Сары-Булуң айыл өкмөтү»);
-расмий тилде: Учреждение «Сары-Булунский айыл окмоту» Тогуз-Тороуского района Жалал-Абадской области (Сокращенное наименование: «Сары-Булунский айыл окмоту»).
3. Айыл өкмөтү уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча оперативдүү башкаруу мекемеси болуп эсептелет, менчиги муниципалдык.
4. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, анын мамлекеттик герб тартылган мөөрү, өз фирмалык аталышы менен белгиленген үлгүдөгү штампы жана титулдук баракчасы жана башка атрибутикасы болот.
5. Айыл өкмөтү белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
6. Айыл өкмөтүнүн юридикалык дареги (жайгашкан жери) Кыргыз Республикасы Жалал-Абад облусу Тогуз-Торо району Кара-Суу айылы, А.Кыдыршаев көчөсү №16.
7. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун «Сары-Булуң айыл өкмөтү» мекемеси (мындан ары айыл өкмөтү) – өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомчулуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруучу- айылдык кенештин чечимдерин аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн аткаруу органы.
8. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министирлер Кабинетинин актыларын, тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
9. Айыл өкмөтү калк менен, коомдук уюмдар менен карым-катнашта иш жүргүзөт, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуу үчүн жарандардын укугун камсыз кылат жана аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзөт.
10. Айыл өкмөтү өз иш-аракетин төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырат:
1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;
5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;
6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
8) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
9) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгы;
10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү.
Айыл өкмөтүнүн уюштурууу ишмердигинин негиздери
11. Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, жооптуу катчыдан жана мыйзамдарда каралган башка кызматкерлерден турат. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык функцияларды ишке ашырат, айыл өкмөтүнүн башчысынын тапшырмаларын аткарат.
12. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочуларга отчетторду даярдоого жана аларды өткөрүүгө көмөктөшөт.
13. Айыл өкмөтү бузулган же талашылган укуктарды же жергиликтүү коомчулуктун мыйзамдуу талаптарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.
14. Айыл өкмөтү жергиликтүү өзүн өзү башкарууну уюштуруу маселелери боюнча айылдык кенешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча райондук мамлекеттик администрациясына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга отчет берет.
15. Айыл өкмөтү өзүнүн компетенциясына кире турган маселелер боюнча чечим кабыл алат. Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган актылар кандайдыр мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүгө зарыл эмес жана тиешелүү аймактарда милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
III. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
16. Айыл өкмөтү аткаруу органы катарында төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) калкка кызмат көрсөтүү;
2) жергиликтүү маанидеги токой, суу жана жол чарбаларындагы, социалдык инфраструктуралардын объектилерин калыбына келтирүү;
3) оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн зарыл учурларда айылдардын калкын ашарга чакыруу ыкмасы ишти аткаруу;
4) жергиликтүү жамааттын жашоосун камсыз кылуучу муниципалдык менчиктеги бардык объектилерди күтүү жана оңдоо;
5) аймактын санитардык абалына контролдук кылуу жана аны тазалоо, ыңгайлаштыруу жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
6) калктуу пункттарды куруунун башкы планына жана аймактагы курулуштун нормаларынын сакталышына контролдук кылуу;
7) турак-жай фондусун түзүү жана аларды күтүү;
8) бюджеттен тышкаркы фондуларды түзүү жана аларды сарамжалдуу пайдалануу;
9) айыл чарбасына жарактуу жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга контролдук кылуу;
10) сарамжалсыз жана мыйзамсыз пайдаланылган жерлерди алып коюу жөнүндө тиешелүү органдарга сунуш киргизүү;
11) жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан жер участкасын ижарага алууга конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү;
12) калктуу пункттарга суу берүүнү, сугат суусун бөлүштүрүүнү жана аны сарамжалдуу пайдаланууну көзөмөлдөө;
13) ветеринардык иш-чараларды өз учурунда өткөрүүгө көзөмөл кылуу, ветеринардык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана көмөк көрсөтүү;
14) мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана айыптарды жыйноо;
15) мамлекеттик жана гуманитардык жардамдардын материалдык, акчалай жана башка түрлөрүн бөлүштүрүүнү уюштуруу;
16) айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарды аткаруу, жерди жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу, санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо, экологиялык иш-чараларды жүргүзүү боюнча ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишине көзөмөл кылуу;
17) аймакта мыйзамдардын жана коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу коомдук түзүлүштөрдү жана аксакалдар сотун уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
18) калктын эс алуусун уюштуруу, маданий, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүү;
19) шайлоолорду, референдумдарды уюштурууну камсыз кылуу, коомдук пикирлерди сурап билүүлөрдү жүргүзүү;
20) граждандарды каттоону жана каттоодон чыгарууну белгиленген тартипте жүргүзүү;
21) асырап алууларды жана камкордук көрүүлөрдү дайындоо, алардын өз милдеттерин аткарышына көзөмөл кылуу;
22) керек учурларда жана мыйзамда каралган тартипте нотариалдык иштерди жасоо;
23) калктын муктаждыгын жана аны дайындуу коргоону жергиликтүү коомдоштуктун аймагында аныктоо;
24) калкты социалдык коргоонун аймактык программасын иштеп чыгуу;
25) үй-бүлөнүн социалдык паспортун түзүү жана анын негизинде жакырчылык картасын түзүү;
26) граждандардын материалдык абалын, анын ичинде көмөкчү жеке чарбасынан, короо алдындагы чарбактан, жер үлүштөрүнөн алынган чогуу кирешесин эсепке алуу жана дайындуу социалдык коргоого муктаж калктын турмуш шарттарын арыз берүүнүн негизине социалдык коргоо “принцибинде изилдөө”;
27) мамлекеттик пособие дайындоого документтерди кабыл алуу;
28) гуманитардык жардамга муктаж жакыр калктын тизмесин даярдоо, анын алынышын эсепке алуу;
29) калктын кирешесин декларациялоосун көзөмөлдөө жана ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоого кайрылган граждандарга анык справкалардын өз убагында берилишин камсыз кылуу;
30) граждандардын ким экендигин, үй-бүлөлүк жана башка абалын күбөлөндүрүчү справкаларды, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда каралган башка документтерди берүү.
IV. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
17. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
18. Айыл өкмөтүнүн актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук түрүндө чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
19. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн чыгарылат.
20. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп таанылышы мүмкүн.
21. Айыл өкмөтү:
1) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорун иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңешке бекитүүгө катышат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат,ошондой эле аларды расмий сайтка жарыялайт жана жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге жайгаштырат.
2) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана аны айылдык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
3) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөөгө ашырат;
4) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөөгө ашырат;
5) турак жай фондун, турак жай коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абатоо боюнча иш чараларды иштеп чыгат жана жүзөөгө ашырат;
6) муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүнү жана социалдык -маданий, тиричилик жана чарба багытындагы объекттерди жана алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүнү жүзөөгө ашырат;
7) аймакта курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
8) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу жана болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруу-практикалык иш-чараларды жүзөөгө ашырат;
9) мамлекеттик -жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик өнөктөштүн долбоорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүргүзөт;
10) мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөөгө ашырат.
V. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу.
22. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарында жалпы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарында 3 жыл иш стажы бар адамдар, ошондой эле иштин башка чөйрөлөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
23. Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.
24. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү-5 жыл. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимди алмаштыруунун мөөнөтү менен байланышкан эмес.
25. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде;
2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министирлер Кабинентинин актыларын аткарбагындыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;
3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;
5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, ошондой эле өлгөн учурда;
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
эмгекке таптакыр жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
айылдык кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
алардын иши кабыл алган чечимдерге жана саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка шайкеш келбеген учурда;
ишеним жоголгондо;
12) тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
26. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
VI. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
27. Айыл өкмөтүнүн башчысы:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, президенттин жана Министрлер Кабиненинин актыларын, кеңештин ченемдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;
2) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;
3) айылдык кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларын, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет;
4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооптуу болот;
5) өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот;
7) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айылдык кеңештинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
8) айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет.
10) айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;
11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
VII. Айыл башчысы
28. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча айылдык аймакта өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү маанидеги маселелерин ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында айыл башчысынын (айылдын старостасынын) кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
29. Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, калыптанган үрп-адаттарына жана каада-салттарына таянып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын чечими менен өзүнө берилген функцияларды аткарат.
30. Айыл башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүү айылдын тургундарынын жыйынынын макулдугу менен дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.
31. Эгерде тиешелүү калктуу конуштан жергиликтүү кеңешке депутат шайланбаган болсо, айыл башчысы - тиешелүү жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына, ал эми тиешелүү айылга тиешеси бар маселелерди кароодо шаардык кеңештин жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга укуктуу.
VIII. Айыл өкмөтүнүн ишмердигинин финасылык-экономикалык негиздери
32. Айыл өкмөтүнүн ишмердигинин финансылык-экономикалык негизин муниципалдык менчик жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүүчү финасылык ресурстар түзөт:
1) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, жергиликтүү коомдоштук тарабынан сатылып алынган же ага мамлекет, менчигинин түрүнө карабастан ишкана, уюм жана мекеме, коомдук уюмдар жана кыймылдар, сурөөнчүлөр, жеке адамдар жана башкалар тарабынан өткөрүлүп берилген социалдык-турмуш-тиричилик, маданий жана чарбалык багыттагы объекттер;
2) жергиликтүү жамаатка берилген жер, жайыттар жана башка аянттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу жана жол чарбаларынын объекттери;
3) чарбалык ишмердиктен түшкөн кирешелер;
4) жергиликтүү бюджетке салыктар жана башка келип түшүүлөр;
5) кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана тышкы инвестициялар;
6) жаратылыш ресурстарын пайдалануучулардан алынган акы;
7) Айыл өкмөтүнө мүлк оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет жана бекитилген мүлктүн менчик ээси ашыкча, пайдаланылбаган же болбосо багытына жараша пайдаланылбаган мүлктү алып коюуга жана аны өз билгениндей башкарууга укуктуу.
IX. Корутунду жоболор
33. Айыл өкмөтүнүн уставын өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
34. Айыл өкмөтүнүн жоюлган учурда документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы |
М.Ж.Олжотоев |