Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VI кезектүү сессиясы
2022-жылдын 12 июлу № 53/1
Ак-Жар айыл аймагындагы ички каналдардыайыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы К.Качкынбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Жар айылдык кещешинин VIII чакырылышынын VI кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айылындагы баардык ички каналдар Ак-Жар айыл өкмөтүнун ички балансына алынсын;
2. Ак-Жар айыл аймагына тиешелүү ички каналдарды айыл өкмөтүнүн балансына алуу жана документтештирүү Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча адиси А.Каленовго милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Качкынбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Шүкүрбеков. |