КөК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IXсессиясы
2023-жылдын 30-январы № 9/10
Көк-Жар айыл аймагындагы ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, таштандыларды чыгарууну, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 26.12.2022-жылдагы № 713 токтомунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 23.11.2023-жылдагы №11-б буйругунун жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 02.02.2023-жылдагы № 23 буйругунун негизинде Көк-Жар айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 26.12.2022-жылдагы № 713 токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 23.11.2023-жылдагы №11-б буйругу жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 02.02.2023-жылдагы №23-буйругу Көк-Жар айыл аймагында жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 02.02.2023-жылдагы № 23 буйругунун 1,2,3 тиркемелерине ылайык, Көк-Жар айыл аймагындагы ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, таштандыларды чыгарууну, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу үчүн:
-Пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча Жол карта 1-тиркемеге ылайык;
-Салыктык эмес төлөмдордү жыйноонун иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык;
-Экономикалык негизги максаттуу көрсөткүчтөрдүн иш-планы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Көк-Жар айыл аймагында суу пайдалануучу ассоциациясын (СПА), ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн аылдык коомдук бирикмесин (ИСКАКБ), жайыт пайдалануучулар бирикмесин (Жайыт комитети) жана аймактагы катуу таштандылардын калдыктарын (КТК) чыгарууну бириктирип муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн – муниципалдык ишкана түзүлсүн.
4. Пилоттук долборрду ишке ашыруу жана ушул токтомдун аткаруу жагы Көк-Жар айыл аймагынын башчысы Ж.Сабыржановго тапшырылсын.
Төрага: | А. Кадыракунов |
Көк-Жар айылдык кенешинин
2023-жылдын 30-январындагы .
№ 9/10 токтомуна 1-тиркеме
Көк-Жар айыл аймагында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, таштандыларды чыгарууну, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча
пилоттук долбоорду ишке ашыруу
ЖОЛ КАРТАСЫ
№ | Милдет | Иш-чара | Күтүлүүчү натыйжа | Аткаруу мөөнөтү | Жооптулар |
1 | Көк-Жар айыл аймагындагы ирригациялык системаларды ичүүчү суу менен жабдуу системаларын,таштанды-ларды чыгаруу ,ошондой эле жайыттарды башкарууну, комплекстүү кармоону жана өнүктүрүүнү уюштуруу | 1.1.Жергиликтүү суу пайдалануучулар ассоциациясы, ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси, жайыт комитеттеринин мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүү | Коомдук уюмдардын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу өткөрүлүп чечимдер кабыл алынды | 2023-жыл январь
| Айыл өкмөтү, СПА,ИСКАКБ, жайыт комитети |
1.2. Коомдук бирикмелердин балансында турган айылдык ичүүчү суу менен жабдуу объекттерин, ирригациялык системаларды эксплуатациялоо жана күтүү, ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн күтүү жана жакшыртуу үчүн пайдаланылуучу башка негизги каражаттарды муниципалдык менчикке кабыл алуу
| СПА,ИСКАКБ,ЖПБнин мүлктөрүн айыл өкмөтүнүн карамагына өткөрүп алуу боюнча жергиликтүү кеңештин токтому, а/ө буйругу чыкты Мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү боюнча АКТ түзүлдү
| 2023-жыл январь
| Айыл өкмөтү
| ||
1.3. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 161-беренесине жана “Суу пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын бирликтерижөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 (1) беренесине ылайык сугат суусун берүүнү башкаруу жана ирригацияны өнүктүрүү маселелерин жергиликтүү маанидеги маселелер катары, Көк-Жар айылдык жергиликтүү жамааттардын тавына өзгөртүү киргизүү
| Сугат суусун берүүнү башкаруу жана ирригацияны өнүктүрүү маселелерин жергиликтүү маанидеги маселелер катары жергиликтүү жамааттардын уставдарына өзгөртүү киргизилди | 2023-жыл январь | Айыл өкмөтү, СПА,ИСКАКБ, жайыт комитети | ||
| 1.4. Ирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен жабдуу системаларынын комплекстүү күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу үчүн -муниципалдык ишкана түзүү
| Көк-Жар айыл аймагында муниципал- дык ишкана түзүлдү
| 2023-жыл февраль
| Айыл өкмөтү, СПА, ИСКАКБ, ЖПБ | |
2 | Айылирригациялык системаларды, ичүүчү суу менен камсыздоо система-ларын эксплуатациялоону, күтүүнү жана өнүктүрүү-нү камсыз кылуу, таштанды чыгарууну уюштуруу, ошондой эле жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын Жакшыртуу максатында алынуучу төлөмдөрдү жыйноонун,башкаруунун жана бөлүштүрүүнүн бирдиктүү системасын түзүү
| 2.1. Айыл аймактагы ар бир төлөөчүлөрдүн эсептик бетин ачууну уюштуруу
| Ар бир төлөөчүлөрдүн эсептик бети ачылды | 2023-жыл март | Айыл өкмөтү, МИ |
2.2. Алынуучу төлөмдөрдү электрондук форматта жүргүзүүнү уюштуруу | Салыктык эмес төлөмдөрдү чогултуунун электрондук системасы иштелип чыкты | 2023-жыл апрель | Айыл өкмөтү, Салык башкармалыгы, МИ | ||
2.3. Ичүүчү суу, сугат суу, тазалык үчүн болгон төлөмдөрдү жергиликтүү бюджеттин атайын эсебине чегерүүнү, жайыт акы үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү бюджеттин бюджеттик эсебине чегерүүнү уюштуруу | Акча каражатын чогултуу толук кандуу айыл өкмөтүнүн контролунда жана жоопкерчилигинде Салыктык эмес төлөмдөр толук кандуу жергиликтүү бюджетке чегерилди | Дайыма | Айыл өкмөтү, Райондук финансы башкармалыгы | ||
2.4. Муниципалдык ишкананын типтүУставын иштеп чыгуу | Муниципалдык ишкананын типтүү Уставы иштелип чыгып жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарына сунушталды | 2023-жыл февраль | Айыл өкмөтү, МИ | ||
3 | Аймактын жашоо- турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаш-тырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызмат-тарды көрсөтүүнү уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18- беренесине ылайык таза суу, сугат суу, тазалык, жайыт жана башка кызмат көрсөтүү-лөргө болгон тарифтерди бекитүү | 3.1. Айыл аймактагы жергиликтүү керектөөчүлөрүнө сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү, ирригациялык системаларын, жайыт инфраструктурасын жакшыртуу, тазалык кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирип бекитүү, ошондой эле финансылык милдеттерди аткаруу | Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифтер чыгымдардын учурдагы бааларына ылайык бекитилди | 2023-жыл февраль | Айыл өкмөтү, КР экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын Нарын облустук бөлүмү |
4 | Мыйзам чегинде турмуш тиричиликтен чыккан таштандыларды жайгаштырууну ирээтке келтирүү. Мал көмүлүүчү жайды (Биотермикалык чуңкур) («Беккари» чуңкуру). Мыйзам чегинде №377- токтомуна ылайык ирээтке келтирүү. | 4.1. Таштанды төгүүчү жайлардын уруксат берүүчү документтерин мыйзамга ылайык келтирүү. (Айыл өкмөттүн токтому, жергиликтүү кенештин чечими мамлекеттик акт ж.б. тиешелүү органдардан (ОААжМСЭКБ, ӨКБ, экология) макулдашуулар. архитектура тарабынан жердин жайгашкан ситуациялык схемасы. ж.б) | Таштанды төгүүчү жайлар көрсөтүлгөн талаптарга ылайык уюштурулду. Айлана чөйрөгө тийгизген терс таасири азайды | 2023-жыл апрель | Айыл өкмөтү, КР Жаратылыш ресурстары экология, техникалык көзөмөл министр-лигинин Ысык- Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын инспектору |
4.2. Таштандыларды морфологиялык түрүнө жараша бөлүп жайгаштырууну уюштуруу |
| Дайыма | |||
4.3. Медициналык таштандылар үчүн таштанды жайгаштыруучу жай биотермикалык чуңкурлардан 200 метр алыстыкта атайын жер тилкесин бөлүп, айланасын тозуп, узун-туурасы 1х1м, тереңдиги 1-1,5м. үстүн жабып уюштуруу | Жергиликтүү калктын эпидемиологиялык коопсуздугужакшырды | 2023-жыл март | Айыл өкмөтү, Кочкор СЭС бөлүмү Ветбашкармалыгы | ||
4.4.Таштанды төгүүчү жайдын айланасын талапка ылайык тосмо менен тосуп чыгуу | Таштанды төгүүчү жайлардын айланасы тосулду | 2023-жыл май | Айыл өкмөтү, МИ |
Көк-Жар айылдык кенешинин
2023-жылдын 30-январындагы .
№ 9/10 токтомуна 2-тиркеме
Көк-Жар айыл аймагында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, таштандыларды чыгарууну, ошондой эле жайыттарды башкарууну комплекстүүуюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда салыктык эмес төлөмдөрдү чогултуунун 2023-жылга карата Планы (Ичүүчү сууга болгон төлөмдөрүн чогултуу планы)
№ | Аймак | миң.сом | ||||||||||
март | апрель | май | июнь | июль | август | сентябрь | октябрь | ноябрь | декабрь | Жалпы | ||
1 | Көк-Жар | 33,4 | 33,4 | 33,4 | 33,4 | 33,4 | 33,4 | 33,4 | 33,4 | 33,4 | 33,4 | 334,0 |
Тазалык үчүн төлөмдөрүн чогултуу планы
№ | Аймак | миң.сом | ||||||||||
март | апрель | май | июнь | июль | август | сентябрь | октябрь | ноябрь | декабрь | Жалпы | ||
1 | Көк-Жар | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 7,5 | 75,0 |
Жайыт акы төлөмдөрүн чогултуу планы
№ | Аймак | миң.сом | |||||||||
|
| апрель | май | июнь | июль | август | сентябрь | октябрь | ноябрь | Декабрь | Жалпы |
1 | Көк-Жар | 10,0 | 20,0 | 70,0 | 90,0 | 110,0 | 110,0 | 110,0 | 100,0 | 11,2 | 631,2 |
Сугат суу акы төлөмдөрүн чогултуу планы
№ | Аймак | миң.сом | |||||||||
апрель | май | июнь | июль | август | сентябрь | октябрь | ноябрь | декабрь | Жалпы | ||
1 | Көк-Жар | 20,7 | 40,7 | 40,9 | 40,9 | 40,9 | 60,9 | 40,9 | 40,9 | 0,0 | 326,8 |
Көк-Жар айылдык кенешинин
2023-жылдын 30-январындагы .
№ 9/10 токтомуна 3-тиркеме
Көк-Жар айыл аймагында экономикалык негизги максатуу көрсөткүчтөргө жетишүү боюнча
Иш- планы
№ | Индикатор | План 2023-ж (сом) | I | II | III | IV |
1 | Кызмат көрсөтүү | 1 367 000 | 40,9 | 325,0 | 575,4 | 425,7
|
|
|
|
|
|
|
|