Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга II кезектүү сессиясы
2022-жылдын 30-апрели № VII-II-I
Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылынын ИСКАКБ “Чок-Камыш” таза суусунун жетекчиси Р.Кадыралиевдин 2022-жылга таза суусунун бюджетин бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калинин айылынын ИСКАКБ “Чок-Камыш” таза суусунун 2022-жылга бюджети 330 000 (үч жүз отуз мин) сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы ИСКАКБ “Чок-Камыш” таза суусунун жетекчиси Р.Кадыралиевге милдеттендирилсин.
3. Терек-Суу айылынын СООПВ “Беш-Конуш” таза суусунун 2022-жылга бюджети 215 000 сом болуп бекитилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы СООПВ “Беш-Конуш” таза суусунун жетекчиси Т.Чалбай уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |