Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга II кезектүү сессиясы
2022-жылдын 30-апрели № VII-II-III
Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетинен каралган акча каражатын 2222-статьясынан 3112-статьясына которуу жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинен Эл жана турак жай фондусун каттоого планшет үчүн каралган 45 000 (кырк беш) сом акча каражаты 2222-статьясынан 3112-статьясына которулсун.
2. Бул токтомду аткаруу жагы убактылуу ФЭБ башчынын милдетин аткаруучу У.Төлөгөновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |