Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга II кезектүү сессиясы
2022-жылдын 30-апрели № VII-II-IV
Ак-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылга жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан түшкөн акча каражатын бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине 2022-жылга төмөндөгү жаратылыш активдерин пайдалануу акысынан түшкөн
ОсОО “Мүнүшкөр” – 35 000 сом
ОсОО “Чатыр-Таштан” – 105 000 сом
ОсОО “Окчонтойдон” – 250 250 сом
ОсОО “Саамайдан” – 525 000 сом
ОсОО “Бетегеден” – 945 000 сом
ОсОО “Көл-Тетириден” – 490 000 сом, жалпы: 2 350 250 (эки миллион үч жүз элүү мин эки жүз элүү мин) сом акча каражатынын бюджетте бекитилген планынын негизиндеги 550 000 мин сомду эске алуу менен калган 1 800 250 (бир миллион сегиз жүз мин эки элүү) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн:
· 188 250 сом – жашылдандыруу-көрктөндүрүү үчүн көчөттөрдү алуу үчүн
· 50 000 сом – айыл өкмөтүндөгү соц.обьектилерге жана көчө чырактарына энергопаспорт жасатуу үчүн
· 15 000 сом – Калинин айылындагы үДТга, Терек-Суу айылындагы бала бакчага, Терек-Суу айылындагы эски ФАПка мамлекеттик экспертизадан корутунду алуу үчүн
· 6000 сом – Союз МСУга мүчөлүк акы үчүн
· 30 000 сом – Калинин айылындагы мектеп,бала бакчасынын таза суу пайдалангандыгы үчүн
· 600 000 сом – Калинин айылына спорт комплекс курууга долбоорун жана сметасын түздүрүү үчүн
· 64 545 сом – Калинин айылындагы Т.Адыранов орто мектебиндеги эски короону бузуп, тазалоо үчүн
· 92 000 сом – Калинин айылындагы Т.Алмакунов көчөсүнө лоток алуу үчүн
· 60 000 сом – Калинин айылындагы футболдук аянтчанын газонуна керектүү материал алуу үчүн
· 60 000 сом – Калинин айылындагы китепканага компьютер, принтер алуу үчүн
· 150 000 сом - Терек-Суу айылындагы А.Чортеков орто мектебинин электр бөлүгүнө долбоор жана смета түздүрүү үчүн
· 30 000 сом – Терек-Суу айылындагы эски ФАПты мамлекеттик каттоодон өткөрүп, гос.акты алуу үчүн
· 20 000 сом – Терек-Суу айылындагы мектеп, бала бакчасынын таза суу пайдалангандыгы үчүн
· 40 000 сом – Терек-Суу айылындагы китепканага китептерди алуу үчүн
· 160 000 сом – Терек-Суу айылындагы жаны ФАПтын жылуулук системасын ремонттон өткөрүү үчүн
· 151 455 сом – Терек-Суу айылындагы ветеринардык клиникага расскол куруу үчүн
· 30 000 сом – Терек-Суу айылындагы А.Чортеков орто мектебинин ремонту үчүн
· 23 000 сом – Терек-Суу айылындагы А.Чортеков орто мектебинин таштандысын чыгаруу үчүн
· 30 000 сом – Терек-Суу айылындагы Муса кызы Бейшегүл балдар бакчасынын ремонту үчүн
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |