Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга II кезектүү сессиясы
2022-жылдын 30-апрели № VII-II-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин “ Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде иштелип чыккан Типтүү жобону бекитүү жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин “ Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 Жарлыгынын негизинде айыл өкмөтүндө жумушчу топ иштеп чыккан Типтүү жобо өзгөртүүсүз бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |