Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын Айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга I кезексиз сессиясы
2022-жылдын 8-июлу № VII-I-I
Ак-Талаа айыл аймагына “Органикалык аймак” статусун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык аймак департаменти аркылуу өткөрүлгөн Республикалык семинарда Ат-Башы районун “Органикалык аймакка” өткөрүү боюнча маселенин маанилүүлүгүн жана семинардын жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлер боюнча
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагын “Органикалык аймакка” өткөрүү максатында Ак-Талаа айыл аймагындагы дыйкан-фермерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына “Органикалык аймак” статусу берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |