Загрузка документа…
АК ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын 2022-жылга IV кезексиз сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № VII-IV-I
Кыргыз Республикасынын Президентинин 15.08.2022-жылдагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгы боюнча жергиликтүү жамааттардан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндө
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А.Токторовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Талаа айыл аймагында жергиликтүү жамааттардын Элдик Курултайы 5-ноябрь 2022-жылга чакырылсын.
2. Айыл аймагынын жергиликтүү Курултайынын делегаттарынын саны 50 адам деп бекитилсин, анын ичинде:
Калинин айылынан – 30 адам;
Терек-Суу айылынан – 20 адам;
3. Айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарды шайлоо боюнча айыл тургундарынын чогулуштарын өткөрүү графиги жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кенештин депутаттары бекитилсин
Калинин айылы – 19.10.2022-жыл саат 14:00 жооптуу Токторов Азамат
Терек-Суу айылы – 20.10.2022-жыл саат 14:00 жооптуу Токторов Азамат
4. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй курамда уюштуруу тобунун курамы бекитилсин:
1. Токторов Азамат Акматбекович – айылдык кенештин төрагасы – жумушчу топтун төрагасы
2.Чикеева Перизат Бейшебаевна – а.о кызматкери - жумушчу топтун катчысы
3. Кабылова Бурул – Аксакалдар кенешинин төрайымы - жумушчу топтун мүчөсү
4. Эшимбаева Калбүбү Нааматовна – айылдык кенештин депутаты - жумушчу топтун мүчөсү
5. Бейшебаев Болотбек Асанбаевич – “Элдик көзөмөл” уюмунун мүчөсү - жумушчу топтун мүчөсү
6. Төлөгөн уулу Самат – жаштар уюмунун мүчөсү - жумушчу топтун мүчөсү
7. Исмаилов Рахатбек Шабданалиевич – айылдык кенештин депутаты - жумушчу топтун мүчөсү
8. Жапанов Марат Жумакадырович – айылдык кенештин депутаты - жумушчу топтун мүчөсү
9. Казиева Бактыгүл Нуралиевна - айылдык кенештин депутаты - жумушчу топтун мүчөсү
10. Чанакова Майрамкүл Жумамамбетовна – аялдар кенешинин төрайымы - жумушчу топтун мүчөсү
11. Бегимбаев Улан Асанбекович – Терек-Суу айылынын айыл башчысы - жумушчу топтун мүчөсү
Айылдык кеңештин төрагасы: | А.Токторов |