Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы

 

2023-жылдын 30-январы № XIII/VI

Сары-Ой айыл аймагындагы «Кара-Тагай» СПАнын сугат сууга болгон тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

2023-жылдан 30-январындагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйындын №2 протоколун эске алып жана «Кара-Тагай» СПАнын жетекчиси Б.Бекмуратовдун сунушталган тарифтерин угуп, талкуулап Сары-Ой айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.      «Кара-Тагай» СПАнын жетекчиси Б.Бекмуратовдун сугат сууга болгон тарифтерин көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.

2.      2023-жылдан баштап сугат сууга болгон төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

-      1м3 берген сугат суунун баасы 0.04тый/м3 болуп бекитилсин;

-      50л суу менен сугарууда 43.2сом*4=173сом: башкача айтканда 24саатка 173сомго бекитилсин.

3.      «Кара-Тагай» СПАнын жетекчиси Б.Бекмуратовго төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

-      Жаз алды менен ички канал арыктарды тазалоо, кулактарды оңдоо, каналдардын жыртык тешиктерин оңдоо менен айыл тургундарына сугат суусу менен камсыздоо;

-      Райондук суу чарба башкармалыгы менен биргеликте 2023-жылга керектелүүчү сугат суусуна өтүнмө берүү;

-      Ички тартипти колго алуу;

-      Бөлүнгөн сугат сууну өз алдынча жыгып алуу, кулактарга тийишүү, басып алган жарандарга акт түзүп мыйзам чегинде чара көрүү;

-      Сугат сууну алган дыйкандарга талаасында болуусун көзөмөлдөө;

-      Дыйкандар сугат сууну бүткөн күнү актыларга кол койдуруп, сугат суу акысын төктүрүү;

-      Төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуу менен өзүн-өзү каржылоо деңгелине жеткирүү;

4.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Б Кошалиевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

Р. Нуркалый уулу.