Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы
2023-жылдын 30-январы № XIII/IV
Сары-Ой айыл аймагындагы «Пионер Булак» ИСКАКБнын тарифтерин бекитүү жөнүндө
2023-жылдан 30-январындагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйындын №2 протоколун эске алып жана «Пионер Булак» ИСКАКБнын төрагасы М.Нааматбековдун сунушталган тарифтерин, талкуулап Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Пионер Булак» ИСКАКБнын төрагасы М.Нааматбековдун ичүүчү таза сууга болгон тарифти көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.
2. 2023-жылдан баштап ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги | Төлөм акысы (сом) |
1 | Үйүнө суу киргизилген тургундарга (счетчик менен) | 1м3 | 22 |
2 | Суу киргизилбеген тургундарга (жалпы колдонуучу калонка чоргосунан алгандарга) | 1 адамга 1 айга | 45 |
3 | Мекемелерге, Мектеп, бала-бакча, ФАП ж.б | Келишим менен | Келишим менен |
4 | Калкка ичүүчү таза суу түйүндөрүнө кошулууга берилүүчү уруксаты | 1 жолу | 3000 |
3. «Пионер Булак» ИСКАКБнын төрагасы М.Нааматбековго төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
-Өзгөртүлгөн тарифтер менен айыл тургундары менен келишим түзүү;
-Калкка толук таза суу менен камсыздоо;
-Үйлөрүнө киргизилген тургундарга суу эсептөөчө приборлорду орнотуу, уруксаат берүү;
-Эсептөөчү приборлоду койдуруудан баш тарткандарга (коммерциялык багытта) карата жеринде акт түзүлүп, суу берүү токтотулсун. Өз алдынча кайра кошуп алган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүү;
-Төлөмдөрдү толук көлөмдө чогултуу менен өзүн-өзү каржылоо деңгелине жеткирүү;
-Ичүүчү таза сууну өз багытында колдонууга көзөмөл жүргүзүү; (көчөдөгү калонкалардан огород сугаруу, автомашина жуу, шланг кошуп ж.б иштерге орнотууга тыюу салуу)
-Тарифтерди КР Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Нарын облустук бөлүмү менен макулдашуу;
-Жыл сайын бюджети так эсептеп чыгып бекитирүү;
-Чейрек сайын ичүүчү суунун анализин санэпидтен өткөрүп туруу;
-Ар бир төлөөчүлөрдүн эсептик бетин ачууну уюштуруу;
-Алынуучу төлөмдөрдү электрондук форматта жүргүзүүнү уюштуруу;
-Ичүүчү таза суу үчүн эсеп-билдирмени (показания) уюштуруу:
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Б Кошалиевке тапшырылсын.
Төрага | Р. Нуркалый уулу |