Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы
2023-жылдын 27-февралы № 1/2
Учкун айыл аймагындагы “Жашыл Учкун” муниципалдык ишканасын ачууга байланыштуу тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 26-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнүн, ошондой эле Жайыттарды башкарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” № 713 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине ылайык Учкун айыл аймагындагы “Жашыл Учкун” муниципалдык ишканасынын таза суу, сугат суу, тазалык, жайыт жана башка кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин бекитүү боюнча Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы токтом кылат :
1.Учкун айыл аймагындагы”Жашыл Учкун” муниципалдык ишканасынын төмөнкү багыттар боюнча каралган тарифтери бекитилсин :
1.Жергиликтүү жайыт пайдалануучулар үчүн :
Бодо малдын бир башына 70 (жетимиш) сомдон
Кой, эчкинин бир башына 14 (он төрт) сомдон
2.Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн :
Бодо малдын бир башына 400 (төрт жүз) сомдон
Кой, эчкинин бир башына 100 (жүз) сомдон
3.Ичүүчү таза суу боюнча айына жан башына 5 (беш) сомдон
4.Тазалык, таштандыларды чыгаруу үчүн айына жан башына 15 (он беш) сомдон
5.Огороддорду сугат суусу менен камсыз кылуу тарифи көкбашылар менен түзүлгөн келишимге ылайык өзгөртүүсүз калтырылсын.( орточо 100 сом)
2.Муниципалдык ишкананын Куланак, Учкун айылдары боюнча 2 ге бөлүп түзүү боюнча сунуштарын ишке ашыруу, документацияларын бүткөрүү жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Өмүрзаковго тапшырылсын.
Төрага | А. Тостоков
|