Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын 1-кезектеги сессиясы
2023-жылдын 27-февралы № 1/5
Учкун айыл аймагына караштуу “ Жашыл Учкун “муниципалдык ишканасынын алдында техсервис уюштуруу үчүн сунушталган долбоордук өтүнмөнү бекитүү жөнүндө
Учкун айыл аймагындагы маселелерди чечүүнү жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү “ мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү сессиясы
токтом кылат :
1.Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында Нарын облусунун Теңир Тоо өнүктүрүү фондусуна сунушталган Учкун айыл өкмөтүнө караштуу “ Жашыл Учкун “ муниципалдык ишканасынын алдында техсервис уюштуруу үчүн сунушталган жалпы наркы 35.000.000 ( отуз беш миллион ) сомду, өздүк салымы 200.000 ( эки жүз миң ) сомду түзгөн долбоордук өтүнмө бекитилсин.
2.Бул долбоордук өтүнмөнү атайын таризделген тартипте Нарын облусунун Теңир Тоо өнүктүрүү фондусуна тапшыруу Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Өмүрзаковго тапшырылсын.
3.Токтомду веб сайтка жайгаштыруу Учкун айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы О.Омуралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Тостоков
|