Редакцияот 30.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIII сессиясы

 

2023-жылдын 30-январы № XIII/II

Сары-Ой айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулардын тарифтерин шарттуу мал башына бекитүү жөнүндө

 

2023-жылдан 30-январындагы Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жалпы элдик жыйындын №2 протоколун эске алып жана жайыт комитетинин төрагасы С.Боталиевдин сунушталган тарифтерин, талкуулап Сары-Ой айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.      Жайыт комитетинин төрагасы С.Боталиевдин тарифти көтөрүү боюнча сунушу кабыл алынсын.

2.      2023-жылдан баштап шарттуу 1мал башына болгон төлөмдөрдүн өлчөмү төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.

 

Жайыт пайдалануу акысы 1 баш (ШМБ)

№

Мал түрү

Которуу коэфф

1 баш ШМБ

баасы

(сом)

1

И М М (Уй, топоз)

1.0

1

90

2

Майда жандык (кой,эчки)

0.2

1

18

3

Жылкы

1.0

1

90

4

Жаш бодо мал (торпок)

0.7

1

63

 

3.      Жайыт комитетинин төрагасы С.Боталиевге төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:

-      Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү;

-      Мал санакты сапатуу уюштуруу;

-      Жайыт акыларды толук көлөмдө чогултуу менен өзүн-өзү каржылоо деңгелине жеткирүү;

-      Жыл сайын бюджети так эсептеп чыгып бекитирүү;

-      Өз убагында көчүп конуу, коруктарды уюштуруу;

-      Ички, ортоңку, алыскы жайыттарга баруучу жолдорду көпүрөлөрдү оңдоо;

-      Жайыттарга мыйзамсыз пайдалануу, айдоо, тозуп алуу,курулуштарды болтурбоону көзөмөлдөө;

-      Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде иш алып баруу;

4.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Сары-Ой айыл өкмөтүнүн  башчысы Б Кошалиевке тапшырылсын.

 

Төрага

Р. Нуркалый уулу.