Редакцияот 03.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз LIII сессиясы

2023-жылдын 3-февралы № 1

 

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин

жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө

 

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2023-жылдын бюджетин жана 2024-2025-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү боюнча, Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:

1.  Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жалпы кирешеси  33856,2 миң сомго, чыгашалар бөлүгү 37411,9 миң сом  өлчөмүндө аткарылышы бекитилсин.             

2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин: киреше жана чыгаша бөлүгүнө 36 794,8  миң сом өлчөмүндө  анын ичинде: бюджеттик каражат 33 194,8 миң сом, атайын каражат 3 600,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Салык кирешелеринин көлөмү 32 254,8 миң сом, салык эмес кирешелердин көлөмү 4 540,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 46305,8 миң сом, 2025-жылдагы бюджетинин  божомолунун киреше-чыгаша бөлүгү 48297,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага:

У. Жунушалиев