Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз LIII сессиясы
2023-жылдын 3-февралы № 2
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин салык жана салык эмес кирешелердин чыгашадан ашкан бөлүгүн чыгымдоо жөнүндө
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешенин чыгашадан ашкан бөлүгү 9 624 130,34 сом жана салык эмес кирешенин (атайын счет) пландалган чыгымдардан ашык 1 029 742,9 сом, бардыгы 10 653 873,24 сом өлчөмүндө каражатын бөлүштүрүү боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өмөтүнүн сунушун, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин салыктар боюнча кирешелердин чыгашалардан ашкан 9 624 130,34 миң сом акча каражаты төмөндөгү багыттагы чыгымдарга каржылансын:
1.1. Кирпич заводдун сметалык документтерин бүтүрүүгө -350 000 сом.
1.2. Чаек Водоканал МИ га субсидия катары берүүгө- 350 000 сом.
1.3. Орто-кууганды суусундагы көпүрөнү оңдоого – 50 000 сом.
1.4. Муниципалдык жер участокторун каттоо чыгымдары-500 000 сом.
1.5. Чукур айылынын Абубакр-Ассыдык мечитинин жылытуу системасын оңдоого-200 000 сом.
1.6. Базаркан коктусуна лоток онотууга – 200 000 сом.
1.7. Чаек айылындагы шахмат клубуна шаймандарды сатып берүүгө-150 000 сом.
1.8. Күрөш залын курууга-1 500 000 сом.
1.9. Шортон айылынын мини футбол аянтынын курулушуна-500 000 сом.
1.10. Беш-Терек айылынын мини футбол аянтынын курулушуна-1 600 000 сом.
1.11. Таштанды чыгаруу үчүн күйүүчү майга-480 956,34 сом.
1.12. Жашыл мурас карызына жана ЖКХ нын жумушчуларына атайын кийим -800 000 сом.
1.13. Чаек айылындагы көчөлөрдөгү арыктарды, түнкү жарыктарды орнотуу жана оңдоо, Актатыр паркынын айланасын тосуу жана ажаткана курууга, жарыктандырууга -400 000 сом.
1.14. Бала бакчалардын тамак ашы-1 093 368 сом (Беш-Терек бала бакчасына -62 166,80 сом, Миңбай уулу Э. бала бакчасына-185 120,0 сом, Актатыр бала бакчасына-315 800,0 сом, Шабданбек уулу Алтынбек бала бакчасына -530 281,0 сом).
1.15. Минбай у.Э.бала бакчасынын дренажын казууга-100 000 сом.
1.16. Бала бакчалардын машина жана жабдуулары - 308 000 сом (Беш-Терек бала бакчасына-20 000 сом, Миңбай уулу Э. бала бакчасына -30 000 сом, Актатыр бала бакчасына -80 000 сом, Шабданбек уулу А. бала бакчасына -158 000 сом, Гүлбакча бала бакчасына -20 000 сом).
1.17. Жайыт комитетинин ар кандай чыгымдарына – 4 806 сом.
1.18. Ч.Дүйшеева атындагы музыкалык мектебинин иш сапарына – 85 000 сом.
1.19. ДЮСШ мектебинин иш сапарына – 150 000 сом.
1.20. Т.Турсунбаева мектеп гимназиясынын ремонтуна көзөмөл жүргүүзүүгө – 492 000 сом.
1.21. Мугалимдерге электр энергия үчүн – 150 000 сом.
1.22. Жардам сураган Чаек айылынын тургуну А.Караевага – 50 000 сом.
1.23. Жардам сураган Чаек айылынын тургуну С.Сатаровага – 20 000 сом.
1.24. Жардам сураган Чаек айылынын тургуну Э.К.Муратовага – 20 000 сом.
1.25. Жардам сураган Чаек айылынын тургуну Р.Эралиевге – 20 000 сом.
1.26. Чаек айылынын тургуну параолимпиаданын катышуучусу К.Ибраимовго – 50 000 сом.
2. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсептеги 2022-жылдагы бюджетинин салык эмес киреше-чыгашалардан ашкан 1 029 742,90 акча каражаттары төмөндөгүдөй багыттагы чыгымдарга каржылансын:
2.1. АУП тун атайын счету боюнча Чаек айыл өкмөтүнө чарба китептерди сатып алууга – 44 781,33 сом.
2.2. АУП тун атайын счету боюнча Чаек айылынын центр көчөлөрүнө видео көзөмөл орнотууга – 200 000 сом.
2.3. АУП тун атайын счету боюнча Шортон балдар ойноо аянтчасынын кошумча жумушунун акысына – 15 000 сом.
2.4. АУП тун атайын счету боюнча Мин-Кыял муниципалдык имаратын оңдоого өздүк салым – 200 000 сом.
2.5. ЖКЧ нын атайын счету боюнча Чаек айыл аймагындагы алдын ала билинбеген ремонт иштерине – 163 328,37.
2.6. Бала-бакчалардын атайын счету боюнча Чаектеги бала бакчалардын тамак-аш чыгымдарына- 406 633,2 сом.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчун Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага: | У. Жунушалиев |